Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бишкекте “2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын” бет ачары өттү.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаевдин айтымында, кыргыз тили бүгүнкү күндө белгилүү бир кыйынчылыктарды башынан кечирип жатат жана кабыл алынган концепция аларды натыйжалуу чече алат.
“Чынын айтсам, буга чейин чейин коомдо кыргыз тилине болгон мамиле, ачыгын айтканда, анча эмес болчу. Глобалдык процесстердин натыйжасында кыргыз тили көмүскөдө калып, тилибизге терс, алтургай басымдуу таасир тийгизүүдө. Президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда мен ага кыргыз тилинин негизги көйгөйлөрүн жеткире алдым. Ойлорубуз окшош болуп, президенттен толук түшүнүү жана колдоо таптым. Ал ошондой эле кыргыз тилинин тагдырына абдан кабатыр экенин белгилеп, кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн көп иштерди жасоо ниетин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушканда ал дагы кыргыз тилин өнүктүрүү тапшырмасын толук колдой турганын баса белгиледи. Биринчи жолу бир нерсени өзгөрткүсү келген мамлекетик жетекчилеринин толук чечкиндүүлүгүн жана саясий эркин көрүп жатам”, - деди ал.
Мусаев кыргыз тилин өнүктүрүү — инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү концепциясынын артыкчылыктуу багыты экендигин белгилейт.
Эскерте кетсек, ички саясаттын эң маанилүү багытын ‒ жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Аталган жарлыкты иш жүзүнө ашыруу максатында премьер-министрдин тескемеси менен “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктын концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жана илимий ишмерлерден турган ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия концепциянын долбоорун иштеп чыккан.
Ал эми президенттин 2021-жылдын 24-июлундагы №313 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” жарлыгы менен аталган концепция бекитилген.
Жогорку жарлыкка ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп жана концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоору иштелип, министрлер кабинетинин тескемеси менен “2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы” бекитилген.
Пикир
Оставить комментарий