Кыргызстанда муун ооруларына чалдыккан жарандардын саны арбып барат. Дарыгерлердин пикиринде, учурда муун оорулары адамдардын жаш курагына карабай кездешүүдө. Бүгүнкү күндө улгайып калган жарандардын катарында жаштар да муун оорулары менен алышып, дарыланып келет. Бул ирет “Кабар” агенттиги медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Травматология, ортопедия жана катастрофа медицина кафедрасынын ассистенти Бакыт Калчаев менен артроз оорусу тууралуу маектешти.
— Артроз оорусунун пайда болушунун себептери барбы? Бүгүнкү күндө Кыргызстанда артроз оорусуна кабылган жарандардын жаш курагы кандай?
— Артроздун пайда болуусунун себептери көп. Масален, адамдар травма алып калган учурда артроз келип чыгат. Жаш курагына жараша улгайып калган жарандардын муундары бузулганда да бул ооруга алып келет. Ошондой эле артрит, бруцеллез ооруларынын кесепетинен артроз пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан аталган оору менен жаштагылар гана ооруйт деп айтууга болбойт. Бүгүнкү күндө 18 жаштан жогору курактагылардан тартып 50-70 жаштагы кишилер да артроз оорусуна байланыштуу дарыгерлерге кайрылышат. Артрозду карап көрсөк, эркектерге караганда аялдарга көп кездешет.
— Бул оору көбүнесе кайсы муундарды жабыркатат?
— Артроз тизе, жамбаш, чыканак, ийин муундарын жабыркатат. Айрыкча тизе муунунун артрозго чалдыккан учурлары абдан көп.
— Бул ооруга кабылган жарандардын ден соолугунда алгач кандай белгилер байкалат?
— Артроздун I, II, III, IV стадиялары бар. Эң эле биринчи стадиясында муунга күч келгенде ооруксунуу белгилери байкалат. Алыс аралыкка басканда, оор көтөргөндө, спорт менен машыкканда көп күч келтиргенде оору симптому пайда болот. Андан кийинки стадияларында муунга эч кандай күч келбей турган учурда деле тизе шишип, муундун кыймыл-аракети азайып, толук бүгүлбөй, толук жазылбай калат.
— Ушул белгилер байкалганда жарандар кайсы дарыгерлерге көрүнүүсү зарыл?
— Эң алгач эле бейтаптар Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылып, терапевттен кеңеш алуулары зарыл. Андан соң алар муунду рентген аппараттары аркылуу текшерип, диагноз коет. Зарыл болгон учурларда травматолог-ортопеддерге жиберет.
— Артроз оорусуна чалдыккан бейтаптар тамак рационуна маани бериши керекпи?
— Ооба, албетте. Бүгүнкү күндө адамдардын ден соолугуна туура тамактануусу эң чоң роль ойнойт. Муунга керектүү заттарды тамак аркылуу алууга болот. Ооруганда муундагы синовиалдык суюктуктуктун курамы бузулат, мындай учурда муундун бетиндеги кемирчек азыктанбай калат. Анын кесепетинен кемирчек желип, бузула баштайт, артроз улам өрчүп кете берет. Мисалы, жарандар килкилдек жасап жесе болот. Анда муунга керектүү көп элементтер бар. Ошондой эле кургатылган жемиштерди, кайнатылган эт, анын шорпосу пайдалуу.
— Артроз менен жабыркаган бейтаптарга кандай учурларда хирургиялык операциялар жасалып, муундар алмаштырылат?
— Артроздун баштапкы стадияларында жарандар санатордук-курорттук дарылоо мекемелеринде дарыланса, эффективдүү жардам берет. Ал эми кийинки баскычтарына өтүп кеткенде, айласыздан хирургиялык операциялар жасалат. Анда муундар алмаштырылып, эндопротездер коюлат. Мындай операциялар бүгүнкү күндө Улуттук госпиталда жасалып келет. Ошондой эле бир катар жеке медициналык борборлордо да бейтаптар дарыланышат.
— Артроз оорусу бар жарандардын физикалык активдүүлүгү ооруну күчөтпөйбү?
— Жарандардын физикалык активдүүлүгү оорунун 1-стадиясы болобу, 4-стадиясы болобу айырмасы жок, бейтаптар кыймылдашы шарт, жөө басышы керек, дайыма муундар кыймылда болуусу кажет. Артроздун стадиясына карабастан, күнүнө адамдар 2-5 чакырым жөө басуу зарыл. Ошондой эле гимнастикалык көнүгүүлөр да пайдалуу. “Кыймылдабай койсо, оору басылат” дегендер адашат, анткени кыймылдабай отура берсе, муун “катып” калат, кыймыл-аракет начарлап, ооруганы эки-үч эсе көбөйөт. Бул артроздун тез өрчүшүнө алып келет.
Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий