Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Мыйзамдарда мамлекеттик кызматкерлерге же катардагы жарандарга жол эрежесин бузгандыгы үчүн өзүнчө жоопкерчилик каралган эмес, мыйзам баарына бирдей. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жогорку кызматтагы жаран болобу, такси айдоочусу болобу, баары жол кыймылынын катышуучулары болуп эсептелет.
“Буга чейин да жогорку кызматтагы адамдар арасында жол эрежесин бузгандар катталган. Мисалы, 2023-жылы Жогорку Кеңештин эки депутатына протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, мас абалында унаа башкарган мамлекеттик кызматкерлер да болгон. Буга байланыштуу иштер сотко да өткөрүлгөн”, - деди ал.
Байказы Айтикул уулу белгилегендей, бүгүнкү күндө айдоочуларда мыйзам баарына бирдей экени жөнүндө түшүнүк пайда боло баштады. Статистикада да мамлекеттик кызматкерлер же катардагы жарандар деп бөлүнбөйт, бардык учурлар каттоого алынат.
“Баса белгилеп айтуу керек, жол кырсыктарынын 92 пайызы айдоочулардын жеке күнөөсү менен болот. Анын ичинде карама-каршы тилкеге чыгуу, мас абалында унаа айдоо жана башка учурлар. Мурда эреже бузуулар жолдун начардыгынан, кооптуу абалдан улам катталса, азыр жолдун абалы жакшы, кырсыктар айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгынан гана болууда” , - деди ЖККББнын басма сөз катчысы.
ИИМдин расмий маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда жалпы 7102 жол кырсыгы катталып, 10 миң 479 жаран ар кандай жараат алган. Анын ичинен 700 жаран кырсыктын кесепетинен көз жумган.
Ал эми өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктары 2023-жылга салыштырмалуу 26 пайызга, көз жумгандар 50 пайызга, жараат алгандар 5,1 пайызга азайган.
Талдоонун негизинде катталып жаткан жол кырсыктарынын 91,2 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болот.
Пикир
Оставить комментарий