• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган ар бир кызматкер жоопкерчиликке тартылат – ИИМ башчысы

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков "Кабар" агенттигине милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий берди.

Улан Ниязбековдун айтымында, милиция кызматкерлерин кармоо операциясы боюнча биринчи ИИМдин жетекчилиги кабардар болот жана Ички иликтөө кызматынын катышуусунда гана өтөт. Ар бир кызматкер мыйзамсыз аракеттерди жасаса кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

“Эч кимди жаап-жашыруу болбойт. Мыйзам бардыгына бирдей иштеши керек. Ички иштер органдарынын кызматкерлери элдин кызматында жүргөндүктөн, бир дагы мыйзам бузууга жол бербөөгө милдеттүү. Мыйзам менен тартиптин үстөмдүгү болмоюнча, ишмердикти толук кандуу аткарууга мүмкүн эмес. Бул ИИМдин жетекчилигинин катуу талабы”, - деди министр.

Ошондой эле ал милициянын формасын кийген кызматкерлер өз милдеттерин аткаруудан тышкары, эл арасындагы таалим-тарбияны алып жүрүүчү, мыйзамдуулуктун үлгүсүн көрсөтүүчү, жаштардын кылмышка аралашуусун алдын алуучу процесстерин коомго түз жеткирген мамлекеттин өкүлү болуп эсептелерин айтты. Бирок, айрым кызматкерлер өздөрүнүн аракеттери менен бул багытта жасалып жаткан бардык күч-аракеттерди жокко чыгарып, күнү-түнү элдин кызматында жүргөн милиция кызматкерлеринин беделин түшүрүп жатканына токтолду.

“Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан бул багытта иштер жүргүзүлүүдө. Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда. ИИМдин жетекчилигинин тапшырмасы менен кызматкерлердин арасында таңкы тескемелерде нускамалар өткөрүлүп, мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Биздин ишмердүүлүгүбүзгө эң жогорку баа жарандардын ички иштер органдарына болгон ишеними. Ошондуктан биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, элдин милицияга болгон ишенимин арттыргыдай кылып иштешибиз керек. Тартипти жана мыйзамды бузуп, ички иштер органдарынын кадыр-баркына шек жараткан, милициянын беделине доо кетирген кызматкерлерге катарыбызда орун жок”, - деп белгиледи Улан Ниязбеков.

Пикир

Оставить комментарий