• 87
  • 90.59
  • 0.87

"Мыкты мектеп ашпозчусу-2024" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. "Мыкты мектеп ашпозчусу-2024" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен уюштурулган “Мыкты мектеп ашпозчусу -2024” сынагынын финалдык туру болуп өттү.

Финалга аймактардан мыкты деп тандалган жети ашпозчу катышып, үчөө алдыга озуп чыкты.

1-орунду Чүй облусундагы Новониколаевка инновациялык орто мектебинин ашпозчусу Людмила Стоногина багындырса, 2-орунга Нарын облусунун Бейшеев атындагы орто мектебинин ашпозчусу Назгүл Жунушова, 3-орунга Баткен облусундагы №3 “Охна” орто мектебинин ашпозчусу Наргиза Кичибаева татыктуу болду.

Билим берүү министрлигинин, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу ашпозчулар жасаган ар бир тамактын даамына, жасалгасына жана мектеп тамак-ашын даярдоо талаптарына шайкештигине баа беришти.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 50 миң, 30 миң жана 20 миң сомдук жабдууларды сатып алууга сертификаттар жана сыйлыктар тапшырылды.

Бул иш-чара окуучулар үчүн сапаттуу жана пайдалуу тамактардын маанилүүлүгүн белгилеп, мектеп тамак-ашын колдоого жана өнүктүрүүгө, ал эми ашпозчулардын кулинардык жаңы ыкмаларды өздөштүрүүсүнө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий