• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Башкы прокурор: 2020-жылы никеге туруу максатында кыз уурдоо боюнча 210 факт катталган

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. 2020-жылы никеге туруу максатында кыз уурдоо боюнча 210 факт катталган. Бул тууралуу Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Ал бирок ушул иштердин 11и гана сотко берилгенин белгиледи.

“15 факт боюнча тергөө жүрүп жатат. 182 иш токтотулду. Көпчүлүк иштер токтотулат, анткени алар жыйынтыгында үйлөнүшөт же арыз берүүчү өзүнүн арызын алып коет”,-деди ал.

Зулушев Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун айтты. Кызмат адамдары ээлеген ордунан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий