• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Өнүгүүнүн жана ийгиликтин ачкычы: Кыргызстанда ишкер-аялдар үчүн насаатчылык программасынын жаӊы сезону башталды

Бизнес 0


ЕРӨБдүн «Бизнестеги аялдар» ментордук программасынын төртүнчү сессиясына 47 менти катышууда. Анда катышуучулар жекече ийгилик тарыхы бар тажрыйбалуу насаатчылардын колдоосунда бизнесин өнүктүрөт жана жеке өсүшкө жетишет.

Кыргызстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бизнестеги аялдар» насаатчылык программасынын төртүнчү сезону өз ишин баштады. Бул демилге ЕРӨБ өнөктөш банктар аркылуу көрсөткөн финансылык эмес колдоонун негизги элементи болуп саналат жана аялдар ишкерлигин өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Программа We-Fi Ишкер-аялдар үчүн финансылык демилгелер жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылууда.

Жаӊы сезондо программага колго сыр жасоодон тартып, туризмге чейинки тармактарда иштеген 47 менти тандоодон өттү. Жети ай аралыгында Кыргызстандын, ошондой эле Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тажрыйбалуу ишкерлери аларга бизнести өнүктүрүүгө жана масштабын кеӊейтүүгө, башкаруучулук жөндөмдөрүн бекемдөөгө жана жеке өсүш боюнча иштөөгө жардам беришмекчи.

«Бизнестеги аялдар» программасы Борбордук Азияда 2019-жылдан тартып иштеп келет жана бул демилгени колдоп жана бирге каржылап жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Көпчүлүк бизнесте эркектер басымдуулук кылгандыктан жана аялдардын күрөөгө кое турган мүлкү жок жана өз потенциалын ишке ашыруу үчүн кошумча колдоого муктаж болгондуктан бул Программа аялдар үчүн абдан зарыл. Аларга ишти өнүктүрүү үчүн зарыл болгон сапаттуу билим жана маалымат алуу алда канча татаал. Ошондой эле, аялдардын бизнесте өнүгүүсү үчүн көптөгөн социалдык-маданий тоскоолдуктар бар, биз аларды колдоо көрсөтүү жана аялдар лидерлигинин жардамы менен жеӊип өтүшүбүз керек. Биздин көз карашыбыз боюнча, аялдар ишкерлигине шыктандыруу жана өнүктүрүү – региондун экономикасын өнүктүрүүнүн ачкычы», - деп Кыргызстандагы Швейцария элчилигинин эл аралык кызматташтык багытынын жетекчиси Рено Винье программанын салтанаттуу ачылышында айтып өттү.

Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы ЕРӨБ регионалдык директору Айтен Рустамова өткөн сезондордун катышуучулары жетишкен таасирдүү натыйжалар менен бөлүштү.

«Программаны ишке ашыруунун бардык мезгилинде биз миӊден ашык өтүнмө алдык жана 100 ашык насаатчыны жана шакирттерди окутуп чыгардык. 320 ашык жумушчу орундар түзүлдү, ишкер аялдардын 50% жаӊы рынокторго чыкты, 70% ашыгы бизнестеги ассортиментин кеӊейтти, ал эми 79% сатуунун көлөмүн көбөйттү. Биз программаны дагы кызыктуу кылыш үчүн эл аралык менторлорду ишке тартууну улантып жатабыз. Бизди колдогон өнөктөштөрдү жана убактысын, билимин жана тажрыйбасын кайтарымсыз берип жаткан менторлорго ыраазылык билдиребиз», - деп Айтен Рустамова кошумчалады.

Ал ЕРӨБ бизнес-процесстерди жакшыртуудан тартып, стратегиялык өнүктүрүү жана маркетингге чейинки ар түрдүү маселелерди чечүү үчүн бизнес-консультацияларга 10 миӊ еврого чейин грант бөлүп жатканын белгилеп өттү, ошондой эле финансылык башкаруу, санариптик сатуулар жана лидерлик боюнча үзгүлтүксүз тренингдер өткөрүлүп келет.

«Жеке секторду колдоо – биздин стратегиянын башкы артыкчылыктарынын бири. Быйыл биз бул жерде иштеген 30 жылда Европа банкы Кыргызстанга бөлгөн инвестициялардын көлөмү бир миллиард еврого жетиши мүмкүн жана ал инвестициялардын 68% так ушул жеке секторго туура келет», - деп баса белгиледи Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы ЕРӨБ жетекчиси.

Өткөн сезондордун биринин бүтүрүүчүсү, «ШоколадКА» компаниясынын негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова бул жолу жаӊы сессияга ментор катары катышууда. Алынган билим жана көндүмдөр ага бизнес-түзүмдү кайра уюштуруу боюнча чоӊ ишти аткарууга, чыгарылган өнүмдүн көлөмүн көбөйтүүгө, сапатты жакшыртууга жана бизнести кеӊейтүүгө мүмкүндүк берди.

«Мен тажрыйбамды зергерчилик менен иштеген ментиме бөлүшүүгө даярмын. Биздин максат – сатуунун көлөмүн өстүрүү, кызматчылардын санын көбөйтүү жана бренддин таанымалдыгын жогорулатуу. Биз биргеликте зергерлик бизнести илгерилетебиз», - деп төртүнчү сезондун ментору пландарын бөлүштү.

Сокулук районундагы Белек айылынын тургуну Жанар Алымкулова сейрек бизнес менен алектенет. Бир нече жыл мурда ишкер айым сыр жасаган ишкана ачкан, анда кафе жана ресторандар үчүн колго жасалган сырлар өндүрүлөт.

«Ишкер болуш үчүн ишкер болуп төрөлүш керек деп айтышат. Бирок мен мындай сөзгө макул эмесмин. Эгерде туура багыт берген жана ишкерлик тажрыйбасын бөлүшкөн адам менен байланышта болсоӊ бул ишти окуп үйрөнүүгө болот. Анын эсебинен бизнести кеӊейтүүгө жана тутумун жакшыртууга, кирешени көбөйтүүгө жана жаӊы рынокторго чыгууга мүмкүндүк пайда болот», - деп менти ой бөлүштү.

Ал эми GoBus транспорттук компаниясынын директору Бермет Жумазаева программага стратегиялык максаттарга жетүү, туруктуу өнүгүү жана HR-процесстерин дагы тереӊирээк түшүнүүгө жаӊы билим алуу үчүн келген.

«Бизге эки гана жыл болду жана кеӊейүү жолунда жоопторго караганда суроолор дайыма көп. Жетекчи катары жеке максатым – жаш компания кайсы багытка карай илгерилеши керектигин жана персоналды башкаруу боюнча бизнес-процессти жөнгө салууну түшүнүү, ал эми бул үчүн кошумча билим жана насаатчынын ишенимдүү колдоосу керек», - деп Бермет Жумазаева белгиледи.

Албетте теорияны жакшы бекемдөө үчүн практика керек. «Бизнестеги аялдар» насаатчылык программасынын ментору Иван Катунцев айткандай, жаӊы билим алгандан кийин аны дароо ишке колдонуу маанилүү – бул бизнести ийгиликтүү өнүктүрүүнүн негизги принциптеринин бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий