Бишкек, 24.08.19. /Кабар/. Нөшөрлөгөн жаандан улам Чолпон-Ата шаарындагы Совет жана Колесников көчөлөрүндө 15 үй, 6 кафе, 5 дүкөн жана 2 банктын короосун суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтен белгилешкендей, жерине куткаруучулар, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери барып жаандын кесепеттин жоюу иштерин жүргүзүүдө.
Пикир
Оставить комментарий