Бишкек, 09.01.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Адистер Кыргызстандын агрардык жөндөмдүүлүгүндө былтыр колдонулуп, жакшы жыйынтык көрсөткөн нано жер семирткичтерди айыл-чарба тармагына киргизип, жогорулатууну сунуштап жатышат.
Кыргызстан экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, аталган уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында 2017-жылдын 7-январынан тарта “Топурактан баштап сатууга чейинки” долбоору башталган.
“Долбоордун башкы максаты катары биздин дыйкандарга сырткы базарга атаандаш болууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү койдук. Сырткы базар өндүрүүчүлөрдөн үч негизги нерсени талап кылат: көлөм, сапат жана баа саясаты. Кыргызстан агрардык өлкө болуп саналгандыктан дүйнөлүк агрардык тармактан өз ордун тапканга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок бүгүнкү күндө биз өзүбүздүн блогон жөндөмдүүлүгүбүздү ача алган жокбуз жана аз гана бөлүгү экспортко чыгат”,-деп түшүндүрдү Ниязбекова.
Коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн ассоциациянын өкүлдөрү “глицерол” заманбап жер семирткичтерди иштеп чыккан россиялык компания менен келишим түзгөн. Ошондой эле Кыргызстандын жер кыртышына өз бааларын берсин деп компаниянын өкүлдөрүн чакырышкан. Ниязбекованын маалыматында, алар өлкөнүн көпчүлүк айдоо аянттарындагы топурактарды изилдеп чыгып, дыйкандарга сапаттуу жана көлөмдүү түшүм алуу үчүн нано – жер семирткичтер менен жерди семиртүү керектигин сунушташты.
“Дыйкандардын башкы маселеси алар экспорттоло турган азыктарга коюлган талаптарды билбегендик болууда. Аларда азыркыга чейин агрохимикаттарды көп колдонуп жана көп сугарса мол түшүм берет деген түшүнүк бар. Алар биздин сунушту кооптонуу менен кабыл алышты, башталган долбоор сынамык режимде Кыргызстандын төрт районунда жүргүзүлдү: Кочкор, Панфилов, Кадамжай жана Сузак”,-деп билдирди ал.
Жер семирткичтер сынамык режимдин алкагында дыйкандарга акысыз таратылып, анын колдонуу жакшы жыйынтыктарды берген: Кочкор районунда арпанын эки эсеге көп түшүмү чогултулса, Панфилов районунда бир кант кызылчасынын салмагы 5-6 кг жеткен.
Ниязбекова билдиргендей бул жылы ассоциациянын өкүлдөрү аталган тармакта иш алып барууну улантышат жана аймактарда борборлорду ачууну көздөп жатышат. Ал жерде “глицерол” нано – жер семирткичтери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жер семирткичтин бир таңгагы түрүнө жараша 260дан 380 сомго чейин болот. Учурда Кыргызстанга аталган дарынын үч түрү алынып келинген.
Пикир
Оставить комментарий