• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КРнын эл аралык келишимдери жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 9-январда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маселе боюнча комитет жыйынына КР Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев келген.

Талкууда депутат Курманкул Зулушев 2016-жылдын 11-декабрында өткөн КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө референдумду эске салды. “Бул референдумда Кыргызстан эли КР Конституциясынын 41-беренесинин 2-пунктунун экинчи сүйлөмүн алып салууга добуш берген. Мындан улам биз эл аралык уюмдар биз үчүн кабыл алынгыс ченемдерди - кимге жазаны жумшартууну, же кимди түрмөдөн чыгарууну мажбурлай турган, республикага таңуулашы мүмкүн болгон кырдаалдан чыктык”,- дейт ал. Ошону менен катар эл өкүлү КР Тышкы иштер министрлиги сунуш кылынган мыйзам долбоору менен референдумда эл четке каккан ченемди кайра киргизүүгө аракет кылып жаткандыгын белгиледи.

Жыйынга катышып отурган КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун кийинкиге жылдырууну сунушташты.

Соңунда мыйзам долбоору кийинкиге жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий