• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Наркты сактоо бул артка кайтуу эмес, өздүгүбүздү таануу  

Аналитика 0

Кыргыз эли байыркы уюткулуу эл катары өзүнө тиешелүү кылым карыткан тарыхы, каада-салт, үрп-адаты, меймандостугу менен өзгөчөлөнүп келет. Неченден доорлор өтсө да, биздин кан-жаныбызга сиңген ата салтыбыз, улуу наркыбыз биз менен жашап келген жана жашай бермекчи. Нарк – элдик бекем эрежелер, жазылбаган мыйзамдар десек да болот. Эл, улут үчүн, анын ар бир жараны үчүн нарктан өткөн улуу мурас жок. Аларды кармануу улуттун ар бир атуулунун милдети. Наркты билбеген адамды эзелтеден элибиз «наркы жок», «нарк билбеген билимсиз наадан» деп айтып келишкен.

Ааламдашуу доорунун агымында жаңы технологиялардын, адам баласынын жашоо образынын, дүйнө таанымынын өзгөрүшү менен улуттук баалуулуктар, каада-салт, үрп-адаттарыбыз сакталбай, унутта калып бараткандай. Бирок, заманбап коомдун талаптарына ылайык ар тараптуу өнүгүү менен бирге өздүгүбүздү алып жүрүү, тегибизди унутта калтырбоо учурдун башкы талабы. Элибиз ошондой улуттук баалуулуктар тууралуу акыл-кеп, нарк-насил, насааттарга суусап турган кезде мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Нарк куржунун” ачып, улуттун көөнөргүс байлыктарын, даанышмандыгын жана кең пейилдигин даңазалап, унутта калып бараткан баалуулуктарыбызды эске салып келет. Аны окуган ар бир кыргыз биз ким элек, ким болуп баратабыз деген ойго келип, өздүгүбүздү аңдап, түпкүлүгүбүздү унутта калтырбоого далаалат кылып келебиз.

Улуттун уңгусу, уңгунун уюткусу болгон улуттук нарк тууралуу узун кеп кылсак. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей, улам кийинки муундарыбыздын кулк-мүнөзү, дүйнө таанымы өзгөрүлүүдө. Улуу мурастарыбызга болгон мамиле кандай деңгээлде өзгөрдү, улуу уңгуларды учурга шай, заманга бап келтирип ишке ашыра алабызбы, нарк тууралуу азыркынын түшүнүгү кандай деген суроо жаралат.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиевдин пикиринде, кыргыздын улуулугун ушундан баамдасак болот, бир эле нарк деген сөзгө көп түшүнүктү сыйдырып койгон.

“Нарк өзү эмне деген суроо жаралат. Нарк – бул кайсы бир элдин бүтүндөй бир жашоосун иретке салган, тартибин жөнгө салган бир тутум экен. Ал бир түшүнүк эмес, көп түшүнүктөрдү өзүнө камтыйт. Эң ириде жашоону иретке салуу эмнеге таянат? Дүйнө таанымга таянат. Дүйнөнү, табиятты адам кандай тааныды, адам коомдо өзүн кандай тааныды, ошонун ички мамилелерин жөнгө салуучу. Экинчи маселе жашоо эрежелери иштелип чыгат. Ал бардык биздин салтыбыз, үрп-адатыбыз, ырымдарыбыз, тыюуларыбыз. Андан кийин жашоонун талабы келип чыгат. Дүйнө таанымдын негизинде жашоону тааныдың, анан коомду тартипке келтире турган эрежелерди иштеп чыгып, ошону карманып, тутунуп жашаганда, өзүңдүн нугуң менен өнүгүү жолунда белгилүү бир талаптар бар. Мисалы улуттук ар-намыс, адеп, тарбия деген маселелер бар, милдет деген чоң түшүнүк бар, кыргыз мындан өтө алыстап баратат. Жыйынтыгында жалпы элдин түшүнүгүндө жашоо көркү деген түшүнүк пайда болот. Мына ошонун баары бириктирилип, бир эле нарк деген сөзгө сыйдырылган”,- дейт Мелис Мураталиев.

Азыркы заманбап доордо кыргыз бойдон сакталып калуу деген маселе жаралууда. Ар бир эл өзүнүн кылымдар бою сакталып келген тарыхын, тилин, маданиятын сактап калбаса, кумга сиңгендей жок болуп кетүүсү мүмкүн. Биз аз сандуу эл болсок да мамлекетибиз, жерибиз бар. Ошондуктан, бизди эл катары сактап кала турган баалуулуктарыбыз атам замандан берки үрп-адат, салт, наркыбыз экен. Ошол нарк улутту сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковдун сөзүн аңдап, биз келечегибиз бар түптүү элбиз деп ишенимдүү айта алам.

“Мындан бир жарым кылым мурда Ысык-Көлдүн айтылуу Каркыра жайлоосунда акындардын көч башы айтылуу Арстанбек Буйлаш уулу казактын Каңтарбай деген акыны менен айтышып жатып мындай деген бир ооз ыр айткан экен, “Оо армандуу дүнүйө, булут минсең жетпейсиң мурункунун наркына, буркулдайсың, түтөйсүң бул замандын артына”. Муну менен данышман акын өзгөрүп бараткан заманды көрүп, ичинен түтөп, замандын артын да айтып кеткен экен. Ошондо мындай деген, “Кайран гана кыргыздын кылычы чыгаар кынынан, кызы кетээр сынынан, келини кетээр келбеттен, уяты кетээр уулунан, катыны кетээр наркынан, карысы кетээр баркынан”. Биз ошол киши айткан замандын артында жашап жатабыз го деген ой келет. Эгер өзүнүн наркын, улуттук каада-салттарын жоготуп койгон эл, аны жоготуп жатканын билбесе, анда ал элдин шору, эгер жоголуп баратканын билип, ошону учурунда кармап кайра ордуна коёбуз деп аракет кылса, анда бул шордуу эл эмес, келечеги бар эл деп эсептейбиз”,- дейт Түгөлбай Казаков.

Президент Садыр Жапаров президенттикке киришип антын бергенден кийинки алгачкы кол койгон Жарлыгы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” болгону да бекеринен эместир. Аны улай, 2022-жылдын май айында "Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыкка кол коюлган. Анда мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы жаралгандыгы белгиленген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун пикиринде, кыргыз журту өз баркынан наркын бийик туткан, дөөлөтүнөн сөөлөтүн бийик күткөн, наркты бузбай, барынан бийик көтөргөн, кастарлаган элбиз.

“Бизде азыр коомчулукта талкуу болуп, нарктуулук тууралуу айтканыбызда кайра артка кайтабызбы деген ойлор да айтылууда. Бирок биз кылым карытып, наркыбыз-салтыбыз менен жашап келген элбиз. Мурда эч кандай кодекстер жок эле, эл көрсө эмне болот деп койсо, бир айыл тынчып калган. Эл укса эмне дейт десе, бир айыл уругу менен ооздору басылган. Кыргызда кайын ата, чоң аталар эч качан кыздары, келиндери менен сүйлөшкөн эмес. Кыйгай карап, кереге жакты тиктеп, келинин издеп, ошондон кыргызда “керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук” деген сөз чыккан. Кереге кенен болуп, берер аш белен болуп, кереге кектүү болсо, келген эл эптүү болсо уук узун болуп, уул күчтүү болуп, түндүк бийик болсо үйгө кут кирет. Кут кирген үйгө бардык ырыс-кешик жакшылыктын баары төр талашып турат. Чыбык тийбе, кир бут менен сууну кечпе убал болот, тебелебе, уюкту бузба деп сүйлөшкөн. Убал деген төрт тамгадан турган сөз менен биз жаратылышка болгон мамилебизди, чөйрөгө болгон мамилебиз тескелип калган. Ал эми азыр ар кандай түшүнүк, жалган каада-салттар пайда болду. Ысырапкорчулуктун аркасында жаңы салттар, ой-пикирлер таңууланып жатат. Санариптешкен, ааламдашкан заманга аралашып жок болуп кетпей, өзүбүздүн ак боз аттын үстүнөн түшпөй, наркыбыз, тарыхыбыз менен киришибиз керек. Тебелендиде калбай, кылымдар бою жоголбой анан ушул заманда жоголуп кетебизби”, - дейт Касмамбетов.

Чынында эле, ысырапкорчулук менен каада салт эки башка көрүнүш, аны ажырата билүү маанилүү. Материалдык жактан эмес, улуттук баалуулук, нарктуулук катары карашыбыз зарыл. Айрым замандаштарыбыз “Эскичиликтен чыгуу керек. Кээ бир нерселер "салт" делип эле жеке көз караш менен пайдасыз сакталып келет”,- деген пикирине, биз билген “Нарк куржундан” жооп болуп, элибиз кийимдин мыктысын, тамактын таттуусун берип, мейманга сактаганын, меймандостук менен батанын күчү, азыр да эң жакшысын элге деп сактап отургандар жок эмес экендиги айтылды. Ооба, бала кезден эсте калгандай, үйдөгү тамактын таттуусу, казан-аяк, төшөктүн барктуусу мейман үчүн болоор эле.

“Учурда адамдар көп нерсени унуткарып, эмнегедир заман менен кошо ээрчип, ата-бабаларыбыздын жолун жолдобой өзгөрүлүп баратабыз. Ошол кезде бизди кайрый турган, аталардын жолуна, энелердин адебине сала турган нерсе бул - нарк экен. Нарк – насил деген биздин башатыбыз, түпкүрүбүз. Башка тилге которулбас өзүбүздүн мыйзамыбыз, улутубуздун эң негизги тирөөчү, түркүктөрү болгон мыйзам бул - нарк. Нарктын башатында адам ариети деген бар. Улуттук ар – намыс, уят, абийир деген эң негизги элди эл кылган, адамды адам кылган абийири тили, жүзү эмеспи. Улутту сүйүү, улуттун тилин, наркын, салтын сүйүү, улуттук кийимди, тамак-ашты кадырлоо бардыгы нарк мыйзамынын беренелери”, - дейт филология илимдеринин доктору Сулайман Рысбаев.

Улуу журттун урпактары катары ата-бабаларыбыз басып өткөн жолду, карманган каада-салт, үрп-адат, наркын унутта калтырбоо азыркы муундун милдети. Бизди башка элдерден айырмалап турган өзгөчөлүктөрүбүздү сактап, улууга урмат, кичүүгө ызат менен мамиле кылган айкөлдүгүбүздөн, кең пейилдигибизден ажырабайлы. Түпкүлүгүбүздү эске салып, акыл-кеп баштаган аталарыбыздын, насаат сөз айткан апаларыбыздын сөзүнө маани берели. Ааламдашуу доорунда өзөгүбүздү унутпай, өзүбүздү таанып, кийинки муундарга өткөрүп берели. Кылымдан бери келген эл наркы үзгөн муун болбосун, эч качан, эл наркы эстен чыкпасын.

Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий