• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

"Нарын-1" көмөк чордонунда аккумулятордук батареялар жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. "Нарын-1" 110/35/10 кВ көмөк чордонунун электр энергиясын берүү системасын жаңылоонун негизги багыты катары көмөк чордондун резервдик кубаттуулугун камсыз кылган аккумулятордук батареялар толугу менен алмаштырылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул Нарын облусунун электр тармактары маанилүү. Анткени, 2007-жылы орнотулган эски коргошун-кислоталуу аккумулятордук батареялар азыркы заманбап талаптарга жооп бербей калгандыктан аларды кубаттуулугу жогору, иштөө мөөнөтү узак жана ар кандай жүктөмдөргө туруктуу 5ОРzS -250 түрүндөгү жаңы батареяларга алмаштырылды.

Аккумулятордук батареяларды алмаштыруу менен бирге заряддоо системалары да жаңыланды. Эски ВАЗП 1 жана ВАЗП 2 түрүндөгү түздөткүч агрегаттар жаңы жана эффективдүү ЗПУ-3 түрүндөгү заряддагыч түзүлмөлөргө алмаштырылды.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында "Нарын-1" көмөк чордону заманбап жана ишенимдүү электр энергиясын берүү системасына ээ болуп, эң татаал шарттарда да керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Жаңы аккумулятордук батареялар жана заряддагыч түзүлмөлөр узак жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылат.

Көмөк чордонду жаңылоо боюнча жүргүзүлгөн иштер региондун энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жоопкерчиликтүү мамиленин ачык мисалы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий