• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Нарын бажысы контрабандалык дары-дармектерди аныктады

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. «Нарын» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Чек ара кызматы кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамын бузуу фактылары аныкталды.

Бажы кызматынан билдиришкендей, «Торугарт-автожол» өткөрмө пунктунда Кытай жарандары A.В жана A.A башкаруусундагы Shacman жана Howo башкаруусундагы оор жүк ташуучу автоунаа каражаттары текшерүүгө алынган.

Жүк ташуучу унааларды тыкыр кароодо эч кандай товар коштоочу документтери жок Кытайда жасалган 700 кутуча дары-дармектери, 6 даана оор жүк ташуучу унаанын дөӊгөлөктөрү табылган. ЕАЭБ Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык унаалар Нарын шарындагы «Хасл» убактылуу бажылык көзөмөлдөө аймагына өткөрүлдү.

Факты каттоого алынып, чогултулган материалдар Нарын облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий