• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нарын облусундагы жолдордо тегиздөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Нарын облусундагы жолдордо тегиздөө иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, облуста профилировка иштери жол тейлөө ишканалары тарабынан аткарылууда.

№ 20 Жол тейлөө ишканасы Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 5-30 чакырым аралыгында автогрейдер менен кырып, тегиздөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. №8 Жол тейлөө ишканасы Нарын - Үч-Нура автожолунун 17-35 чакырым аралыгын автогрейдер менен тегиздөө, кеңейтүү жумуштарын улантууда.

Ошондой эле кыш мезгилинде жолдорду кароого инерттик материалдар даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий