• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кочкор-Ата шаарында жаңы төрөт үйүнүн имараты курулууда

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кочкор-Ата шаарындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунда курулуп жаткан 50 орундуу төрөт үйүндөгү иштин жүрүшү менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда имараттын 20 пайызы бүткөрүлүп, жумуштар уланууда. Буга чейин эскилиги жеткен мекемеде бейтаптарды кабыл алууда көйгөй жаралып келген. Ага карабай жыл сайын медициналык жайда 2 миңге жакын төрөт катталып келет. Жаңы имаратта заманбап бардык шарттар каралган.

Ага жалпы 52 млн сом акча каражаты бөлүнүп, Ноокен райондук өнүктүрүү фонду жана Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий