• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Нарын облусунун бардык аймактарында ишембиликтер өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Улуттук тазалык күнүнө карата Нарын облусунун бардык аймактарында ишембиликтер өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликтерге менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жигердүү катышууда.

Ишембиликтин алкагында облустун аймагындагы коомдук жайлар, жолдун жээктери, туристтик жайлар таштандылардан тазаланып, ирээтке келтирилүүдө.

Нарын облусунун башчсысынын биринчи орун басары Адыл Сапаров баштаган өкүлчүлүктүн жамааты Нарын районундагы Бугу-марал коругунда тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Ишембилик президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий