• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Нарын облусунун башчысы эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Кечээ, 4-августта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов эл менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчулүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу облустук академиялык музыкалуу драма театрында өтүп, ага Нарын районунун жана Нарын шаарынын эли келди.

Жолугушууда облус жетекчиси алдыдагы иш багыттары, максаттары тууралуу бөлүшүп, элдин ар кыл өңүттөгү суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий