Нарын РИИБ башчысынын орун басары жана тергөөчү пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-февралында опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК кызматкерлери жана ИИМдин Нарын облусу боюнча ИИБ ички иликтөө кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары Т.у.К. жана тергөө кызматынын тергөөчүсү Б.А.М. кармалды.

Аталган кызматкерлер КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү (жылмакай ок атуучу куралды сактоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш иши туралуу Нарын районунун бир топ тургундарынын баш коргоо чарасына оң чечим чыгаруу үчүн алдын ала сүйлөшүп алып, Нарын районунун тургундарынан 40 миң сом талап кылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгү анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү, анда жаза айыппул түрүндө гана каралган, эркинен
ажыратуу каралган эмес.

Учурда кармалгандар Нарын шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий