• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад милициясы диний экстремистик агымды колдогондорду кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад милициясы диний экстремистик агымды колдогон жарандарды аныктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында социалдык тармактардын биринде Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды сактап, таратып жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул маалыматтар 2024-жылдын апрель айынын экинчи жарымында Жалал-Абад ШИИБдин жана Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 3 (үч) тургуну 1988-ж.т. М.И. жана 1993-ж.т. Х.К. кармалышкан.

Ошондой эле, мурда бир нече жолу жергиликтүү кеӊештин депутаты болгон 64 жаштагы И.М. да кылмышка шектелип кармалган жана тиешелүү далил буюмдар алынып, экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далилдер Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Ишим-Ирак”, “Шам-Ислам Мамлекети” (ИГИЛ), Хизб-ут-Тахрир-Аль-Ислами экстремисттик жана террористик уюмуна тиешелүү материалдар экендиги аныкталган.

Учурда шектүүлөр тергөөгө камсыздалып, кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий