• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Нарын шаары акысыз интернет менен толук камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарында "Смарт-Нарын-24" аттуу амбициялуу долбоору ишке ашты. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошентип, Нарын шаары КМШ мамлекеттери арасында коомдук жайларды бүт камтыган, акысыз интернет тараткан биринчи шаар болду.

Бул долбоор шаардагы санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Долбоор президенттин өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен бир нече негизги уюмдардын кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашырылды. Ага катышкан уюмдар: Борбордук Азия Университети, "Скай Мобайл", "Скайнет Телеком" ЖЧКсы жана Нарын шаардык мэриясы.

"Смарт-Нарын-24" долбоору 20 стратегиялык мааниге ээ жайда акысыз Wi-Fi орнотууну камтыйт. Ага парктар, мектептер, китепканалар, музейлер, базар, борбордук аянт жана ооруканалар кирет. Бул шаардагы бардык тургундарга жана конокторго, туристтерге жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Бул санариптик теңсиздикти жоюуга жана маалымат менен билимге жеткиликтүүлүктү жакшыртууга олуттуу кадам болот.

Пикир

Оставить комментарий