Нарын шаарында медайымдардын аллеясы түптөлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Күн мурун, 12-май – Эл аралык медайымдар күнүнө карата Нарын шаарында медайымдардын аллеясы түптөлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“М.Сыдыков "Москва" аймагындагы кабаттуу үйлөрдүн айланасы куураган бактардан, эски тосмолордун тазаланып, жаңы көчөттөр отургузулган. Дал ушул аймак медайымдардын аллеясы деп аталды”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, шаарда мугалимдердин аллеясын уюштуруу да каралууда.

Пикир

Оставить комментарий