• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ош шаарынын мэриясында коллегиялык жыйын өтүп, 5 маселе каралды

Аймак 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында коллегиялык жыйын өттү, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага шаардын мэри Алмаз Мамбетов, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Жыйында жалпы 5 маселе каралып, тармактардын аткарган жумуштарынын отчету уктурулду.

Алар;

1. “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү;

2. Ош шаарынын аймагындагы курулуш иштеринин жүрүшү;

3. Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын аткарган жумуштары;

4. Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жасаган иштери;

5. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү.

Алгач мэриянын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов доклад жасап, аткарылган жумуштарды белгиледи. Ага улай Ош-Тазалык ишканасынын жетекчиси мекеменин былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөрүн тизмектеди. Алсак, абоненттердин саны 2020-жылдын 1-ноябрына карата 228 миң 519 абонент болгон болсо, 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 255 миң 175 абонентти түзүп, 26 миң 656 абонентке көбөйгөн. Таштанды үчүн абоненттерден, коммерциялык түйүндөрдөн жана бюджеттик мекемелерден 104 млн 541 миң 512 сом жыйналып, былтыркы жылдын отчеттук мезгилине салыштырганда 19 070 995 сомго көп жыйналган.

Мэр Алмаз Мамбетов шаар тазалыгын камсыздоо жаатында көрүлүп жаткан аракеттерге карабай шаардыктардын сын-пикирлери айтылып жатканын белгиледи. Андыктан калаа башчысы Ошту таза шаарга айлантуу үчүн тазалык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, урналардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи. Ал эми муниципалдык аймактык башкармалыктар жашоочулар менен иштешип, таштандыны туш келди жайга ыргытпоого үндөгөн иштер аткарылышын тапшырды.

Коллегияда жыл башынан бери жүргүзүлгөн курулуш иштери тууралуу да маалымат берилди. Ак Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо иштеринин 40%ы бүткөрүлүп, план боюнча иш жүрүүдө. 5 социалдык обьект курулуп, анын үчөө буга чейин пайдаланууга берилген. Калганы жыл аягына чейин бүтөт деп пландалган. Бир катар көчөлөр оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Жыйында Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жасаган иштери тууралуу да маселе көтөрүлүп, сын-пикирлер айтылды.

Коллегиялык жыйындын соңунда мэр Алмаз Мамбетов ар бир тармактын жетекчилерине кемчиликтерди жоюу, коюлган милдеттерди ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий