• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Нарын шаарында таштанды сорттоочу ишкана курулууда

Аймак 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Нарын шаарында таштанды сорттоочу ишкана курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, шаардагы Карга-Жайлоо таштанды полигонунун жанына 9 млн сомго жакын каражатка таштанды сорттоочу кичи ишкана курулууда.

Ишкананы салып жаткан “Мелисса Строй Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунун өздүк салымы 30 миң долларды түзөт.

Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын туруктуу өнүктүрүү, экологияны сактоо багыттарынын алкагында 60 миң долларлык кайтарымсыз колдоо көрсөтүлдү. Ал эми муниципалитет тарабынан жер аянты чечилип берилди.

Кичи заводдун ишке кириши менен 15 адам жумуш менен камсыздалат. Жалпысынан таштандынын 36 түрү сорттолот.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев курулуш иштери менен таанышып, долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий