• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Нарын шаарында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Нарын шаарында тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу «Жол картасын» талкуулоого катышты.

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, министрликтердин, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү коомчулук катышты.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттерге жигердүү катышып, тоолуу калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу, жаратылыш ресурстарын коргоо, тоо экосистемасынын көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлун буруу жана жогорулатуу боюнча демилгелерди илгерилетүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган. Ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы Токтому менен анын Концепциясы жана Жол картасы бекитилген.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын жигердүү катышуусу менен тоолуу аймактардагы табигый кырсыткардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары, тоо экосистемаларын өнүктүрүүгө, туруктуу башкарууга жана адаптацияга багытталган демилгелер, долбоорлор жана стратегиялар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий