• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Нарын ветлабораториясынын Серология бөлүмү эл аралык сертификатка ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Өлкөдө биринчилерден болуп Нарын ветлабораториясынын Серология бөлүмү эл аралык сертификатка ээ болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, Кыргыз аккредитациялоо борборунун түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнүн Нарын, Талас, Каракол, Балыкчы жана Баткен зоналдык ветеринардык лабораториялардын Серология бөлүмдөрүн ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 эл аралык стандартына аккредитациядан өткөрүү үчүн тиешелүү иш-кагаздары даярдалып, аккредитациялоо боюнча органдын эксперттик тобу тарабынан баалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада, аталган аймактардын ичинен Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын Серология бөлүмүнө аккредиттөө аттестаты берилди. Ал эми борбордун эксперттик тобу тарабынан баалоодон өткөн калган лабораториялардын бөлүмдөрү жогоруда аталган сертификатты 2025-жылдын январь айында алышат.

Белгиленгендей ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 эл аралык сертификаты аркылуу облустун экспорттук потенциалы жогорулап, дарт аныктоо процедурасынан ийгиликтүү өткөн продукциялар чет өлкөлөргө тоскоолдуксуз чыгат.

Пикир

Оставить комментарий