Нарында айыл өкмөттөрдөгү техникалар GPS системасы менен көзөмөлдөнүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Нарын облусунун айыл өкмөттөрүнө берилген техникалар GPS системасы менен көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактарды ирилештирүү реформасынын алкагында облусундагы жаңы түзүлгөн 27 айыл өкмөткө Нива үлгүсүндөгү 27 автоунаа берилген.

Мындан сырткары, ар бир айыл өкмөткө 10 млн сомдон, жалпысынан 270 млн сом каражат бөлүнгөн. Бул каражатка 44 атайын жана айыл чарба техникалары сатып алынган.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, техникаларды эффективдүү колдонуу жана алардан түшкөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн 44 техниканын ар бирине GPS системасы орнотулду.

"Бул система менен техникалардын иштөө графиги, багыты, кайсы убакытта кайсы жерде иштегени, кыймыл-аракети онлайн форматта облус, район жетекчилерине, айыл өкмөт башчысына ачык-айкын көрүнүп турат", - деп айтылат маалыматта.

Облус жетекчисинин орун басары Шабдан Абдырайым уулу баштаган ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери бул ирет Нарын районунун Учкун, Жан-Булак айыл аймактарындагы техникалардын иштөө тартибин, элге кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын, муниципалдык ишканаларга түшүп жаткан төлөмдөрдүн абалын жеринде көрүп, мониторинг жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кемчиликтерди жоюу, иш ыргагын жакшыртуу тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий