• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Нарында чыгарылган ата мекендик мотоциклдер сатыла баштады – баасы

Аймак 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. "Нарын мото" заводу өндүргөн продукцияларын сатыкка чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

“Нарын мото” заводу Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында курулган Эл аралык соода-логистикалык борбордон орун алды. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда.

Өндүрүштөн чыккан “Нарынмото” аталышындагы айыл чарба техникалары 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Унаалардын электр кубаты, күйүүчү май менен жүрүүчү, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы менен чарба иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу түрлөрү бар. Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин.

Ошондой эле каалоочулар "Мбанк”, “Компаньон” банктары аркылуу 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен сатып алышса болот.

Пикир

Оставить комментарий