• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда 8-9-класстар арасында өткөн предметтик олимпиада жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Р.Азимов атындагы №13 жалпы билим берүү мектебинде шаардагы 8-9-класстар арасында өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, бир катар окуучуларга дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык деңгээлде өткөрүлүп жаткан олимпиада бир тур менен өтүп, окуучулар 10 предметтик сабактан күч сынашты.

Олимпиадага жалпы 445 окуучу катышып, 133 окуучу 1-2-3-орундарга татыды.

Пикир

Оставить комментарий