• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нарында ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жай жүрүп жатканынын себеби айтылды

Аймак 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев күн мурун Теңир-Тоо жергесине болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы мамлекеттик ипотекалык турак жайдын курулуш ишин жеринде көрдү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, анда куруучу компания курулуштун жай жүрүп жатканынын себебин Нарында бир эле бетон завод болгондугуна байланыштырды.

Камчыбек Ташиев маселени чечүүнү облус жетекчисине тапшырып, ал эми үйлөрдүн курулушун 2025-жылдын күз айларында бүткөрүүнү курулуш компаниясына милдеттендирди. Курулуш ишин өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.

“Нарын – Реновация” долбоорунун алкагында Нарын шаарында курулуп жаткан 9 кабаттуу, 4 блок, 216 батирлүү ипотекалык турак үйдүн жалпы сметалык баасы 747 миллион сомду түзүп, каражат “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланат. Курулуш ушул жылдын апрель айында башталган. Учурда төрт блок үйдүн пайдубалы толук бүтүп, экинчи кабаты салынып жатат.

Пикир

Оставить комментарий