• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нарында «Хизб ут-Тахрирдин» активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Нарында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү кармалды, - деп кабарлайт КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-декабрында УКМКнын Нарын облусук башкармалыгы жана Нарын облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү «Хизб ут-Тахрир» ДЭУ таандык фотоматериалдарды тараткан «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү кармалды.

Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда Facebook социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы табылып алынган.

Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий