• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда ооруканаларда 162 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0


Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. 2021-жылга карата 78 саламаттыкты сактоо уюмунда аудит жүргүзүү пландаштырылган, иш жүзүндө 65 саламаттыкты сактоо уюмунда текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ички аудит башкармалыгынын башчысы Бек Ногойбаев билдирди.

КР министрлер кабинетинин алдындагы экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кайрылуусу, андан тышкары КР жарандарынын арыздарынын негизинде саламаттык сактоо уюмдарында жалпы 52 атайын иликтөө жүргүзүлдү.

Ногойбаев белгилегендей, 2021-жылдын 11 айындагы аудиттин жыйынтыгы боюнча 17 саламаттыкты сактоо мекемесинин материалдары кошумча иликтөө үчүн КР Башкы прокуратурасына, КР УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 162 млн 110 миң сомду түздү, анын ичинен:

- Тендерсиз, ошондой эле мониторингсиз товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу – 98497,2 миң сом;

- Акы төлөнүүчү кызматтардан акча каражаты түшпөгөндүгү– 3527,5 миң сом;

- Каражаттарды жана товардык-материалдык запастарды негизсиз эсептен чыгаруу – 3171,5 миң сом;

- Негизсиз эмгек акы төлөө жана негизсиз Социалдык фондго чегерүүлөр- 17157,5 миң сом;

- Негизсиз компенсация төлөмү – 5478,4 миң сом;

- Жөлөкпулдарды негизсиз дайындоо жана төлөө - 133,9 миң сом;

- Бюджеттик жана атайын каражаттарды максатсыз пайдалануу – 1481,0 миң сом;

- Эмгек акы фондун негизсиз ашыкча көрсөтүү– 5089,5 миң сом;

- Товарлардын жана материалдардын жетишсиздиги жана ашыкча болушу – 1966,2 миң сом;

- Жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар – 4569,1 миң сом;

- Башкалары – 21038,2 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий