• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эмгек министрлиги: Жаңы жылдык майрам күндөрү интернат үйлөрүндө нөөмөт уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык стационардык мекемелерде жаңы жылдык майрамдарда кызматкерлердин нөөмөт графигин бекитти. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда социалдык камсыздоо системасында 17 социалдык стационардык мекеме иштейт. Аларда 2332 кызмат алуучулар – чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, улгайган жарандар бар.

Ведомстводон билдиришкендей, нөөмөт боюнча мониторинг Министрликтин жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий