• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

УКМК Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого тиешелүү бар делген жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу Кыргызстандын жараны В.Р.Г. кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, КР Жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча каралган кылмышты жасаган деп айыпталып жаткан жаран үстүбүздөгү жылдын 8-январында УКМК тарабынан К.Асанбек тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагындат кармалган.

Шектүү КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгиленгендей, аталган В.Р.Г. К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, ошондой эле К.Асанбекке таандык болгон төмөнкү ири объектилердин курулушуна биргелешип катышкан: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер.

Учурда КР УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий