Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта “Комуз күнү” белгиленди. Ага облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү, - деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маданий иш-чарада комуздун тарыхы тууралуу айтылып, күүлөр чертилди жана комуздун коштоосунда ырлар ырдалды.
Пикир
Оставить комментарий