• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарынын мэриясы көп кабаттуу үйлөрдү куруп баштайт

Аймак 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарынын мэриясында турак жай маселелери боюнча атайын байкоочу кеңештин жыйыны болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга вице-мэр, байкоочу кеңештин төрагасы Шакир Зулимов жана кеңештин мүчөлөрү катышты. Анда Ош шаарында өз алдынча турак жай куруу маселесин ишке ашыруу, “Жаңы доор” аталышындагы жаңы долбоорго курулуш иштерин уюштуруу жана курулуш иштерин баштоого керектүү болгон документтерди даярдоо боюнча маселелер талкууланды.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору Кутманалы Абдырахман уулу жалпы республиканын таржыйбасында биринчи жолу Ош шаары өз алдынча турак жай курууну ишке ашыруунун алдында тургандыгын белгиледи.

“Шаар мэринин аппараттык кеңешинде бул долбоор боюнча атайын иш пландар бекитилген. Иш планга ылайык ипотекалык негизде берилүүчү көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери ушул жылдын июлунда башталат. Учурда курулуш иштеринин долбоордук сметалык документтери толугу менен даярдалууда. Бул долбоор үчүн Ош шаарынын Раимбеков көчөсү менен Кара-Суу көчөсүнүн кесилишинде 88 сотук атайын жер үлүшү даярдалган. Бул турак жай 9 кабаттан, 130 батирден кем эмес болуп, шаардык муниципалдык менчикке бекитилип берилген 361 батирдин, алгачкы төлөмдөрүнөн түшкөн акча каражаттарынын эсебинен курулат”,-деди К.Абдырахман уулу.

Пикир

Оставить комментарий