• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облусунун аймагында бир нече бала бакча курулат

Аймак 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында бир нече бала бакча курулат. Бул тууралуу кечээ, 24-майда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин “Ас Мади” инвестициялык борборунун башкы директору Мадина Калимбетова жетектеген борбордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Нарын облусунун башчысы жергиликтүү бийлик тарабынан инвесторлор үчүн бардык колдоолор көрсөтүүлөрүн, курулуштарга жер бөлүп берүү маселелер чечилерин айтты.

“Инвесторлордун колдоосу менен Ат-Башы айылына бала бакча жана ФАП, Нарын шаарынын аймагына бала бакча жана Нарын районунун Чет-Нура айылына 100 орундуу заманбап бала бакча курулары мерчемделди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий