Нарында "Кыргыз шырдагы — XV" фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 29.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. “Кыргыз шырдагы - XV” фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, эки күндөн бери Нарында өтүп жаткан “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.

“Мыкты шырдак” номинациясы боюнча баш байгени Ак-Талаа районунун уз айымы Марипа Муканованын "Аксакалдар курултайы" деп аталган түр шырдагы жеңип алып, 50 миң өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болду.

Ал эми "Мурас шырдак” номинациясы боюнча биринчиликти Нарын шаарынын тургуну Айзада Байбосунова камсыздап, 25 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал жасалганына 70 жылга жакындаган тайенесинин мурас шырдагы менен сынакка катышкан.

Сынактын өзгөчөлүгү болгон "Жаратмандык ыкмада жасалган шырдак" же инновациялык шырдак номинациясында баш байгени Ат-Башы районунун уз айымы Жаңылбүбү Чокоеванын шырдагы багындырып, 21 миң сом менен сыйланды.

Ушул эле номинация менен биринчи орунду Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан келген уз Жумалиева Зулайканын шырдагы ээлеп, 20 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Мындан сырткары 70ке жакын кол өнөрчүгө "Жаш уздарды тандоо”, “Мыкты терме”, “Мыкты ала кийиз”, “Мыкты сайма” жана башка номинациялар боюнча кызыктыруучу байгелер берилди.

Белгиленгендей, баш байгеге татыган шырдактар Кыргыз улуттук тарых музейинде, Көркөм өнөр жана Курманжан Датка музейлеринде кыргыз элинин тарыхый мурасы катары сакталат.

Быйыл “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалынын байге фонду 500 миң сомду түзүп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий