• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Улуттук филармонияда “Манас” эпосунун күнүнө карата иш-чара өтөт

Маданият 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. “Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас айтсак кулак бүтөт ташка дагы, Манасчылар өнөргө бай башка дагы” аталышындагы иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара 4-декабрда саат 11:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.

Салтанаттуу иш-чара ошондой эле, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Даңк” медалынын ээси, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, Эл аралык манас таануучулар ассоциациясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналат.

Кирүү акысыз

Пикир

Оставить комментарий