Нарында кыргыз-тажик чырында курман болгон Эсентур Кубанычбековдун бюсту коюлду

Аймак 0

Бишкек. 28.04.22. /Кабар/. 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттен курман болгон чек ара аскер бөлүктүн командири Эсентур Кубанычбектовдун бюсту Нарын шаарындагы Ж. Акималиев атындагы Жеңиш паркына коюлду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-апрелде, Нарындагы “Тайлак баатыр” атындагы №2025-чек ара аскер бөлүгүндө Эсентур Кубанычбековду эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, андан соң бюсту ачылды.

Жоокерди эскерүү иш-чарасы театралдаштырылган программа менен башталып, анын өмүр жолу, эрдиги слайддык тасмада таасын чагылдырылды.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев 30 жашында шейит болгон Эсентурдун эрдигине таазим кылып, жакындарына сабыр тиледи.

Иш-чарада “Тайлак баатыр” атындагы №2025 чек ара аскер бөлүгүнүн командири Курманбек Исраилов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, аскер ардагерлери, Эсентур Кубанычбековдун бир туугандары, курсташ, курбулары, кесиптештери аны терең кайгыруу менен эскеришти.

Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович 1991-жылдын 22-январында Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. Ал 1998-жылы Боогачы орто мектебинин босогосун аттап, 8-класска чейин билим алган. Мектепте үлгүлүү жана алдыңкы окуучулардын бири болчу.

2006-2009-жылдары Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейин окуп бүтүргөн.

2009-2014-жылдары Россиянын Курган шаарында 5 жыл чек ара адистиги боюнча билимин жогорулатып келген. Кийин Каракол шаарындагы "Эңилчек" заставасында командирдин орун басары болуп 4 жыл иштеген.

2018-жылдан бери Чек ара кызматынын Нарын районундагы атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болчу.

Чек ара кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы "Бөрү" атайын аскер тобунда иштеп келген.

2019-жылы Түркияда өз кесиби боюнча 3 айлык окуу курсунан өткөн. Аскердик капитан чинин алган.

Баткен облусуна курман болоордон 2 апта мурда кызмат өтөөгө жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий