• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Панфилов районунда улгайган адамды ур-токмокко алып, тоноп кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Панфилов районунда улгайган адамды ур-токмокко алып, тоноп кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Панфилов райондук милициясына 61 жаштагы С.А. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 23-апрелде белгисиз адамдар ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун жана акчасын тартып алгандыгын билдирген.

Аталган факты тоноо беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Панфилов РИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 1979-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий