• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Нарында мыйзамсыз жумушка тартылган беш өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Нарында "Өспүрүм-эмгек" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус аймагында шаар, райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз жумушка тарткан фактыларды, алардын ичинен эң начар формадагы жумуштарда иштеген балдарды табуу максатында соода-сатык түйүндөрү, майда базарлар, авто бекеттер, автоунаа жуучу жана оңдоочу жайлар, кафелер, интернет жана компьютердик клубдар, дыйканчылык жана мал-чарбалар, жаңы курулуп жаткан имараттар текшерилип, 5 өспүрүм иштеп жаткандыгы аныкталды.

Аныкталган өспүрүмдөр жана башка укук бузуулар, жашы жете электердин ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч алып келүүчү жумуштарга иштөөлөрүнүн алдын алуу багытындагы тиешелүү мекемелерге жалпы 35 сунуш каттар жиберилип, алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ат-Башы райондук милициясы тарабынан 1 уурдоо фактысынын бети ачылды.

Пикир

Оставить комментарий