• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Нарында сүт, мөмө-жемиш кластерлерин түзүү колго алынууда

Аймак 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө айыл чарба кластерлерин түзүү аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө көңүл бурулууда.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Нарын облусунда ишке ашкан "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору аркылуу сүт кластерин түзүүгө жакшы шарттар түзүлдү. Аталган долбоор Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы "Агробизнестин атаандаштыкка туруктуулук борбору" аркылуу Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашты.

Бүгүн, 17-сентябрда Нарын облусунун Кочкор жана Нарын райондорунда аталган долбоордун жыйынтыгына баа берилди.

Иш-чаранын алкагында «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун натыйжалуу болгондугу фермердик чарбаларда тажрыйба жүзүндө көрсөтүлдү.

Ошондой эле эми Нарында ишке аша турган "Мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий