• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Нарында саат 10:00гө карата шайлоочулардын 2,3 пайызы добуш берди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Саат 10:00гө карата Нарын облусунда алдын ала алынган маалымат боюнча, шайлоочулардын 2,3 пайызы, же 5 204 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Учурда Нарын облусунда 169 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Нарын облусу боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Алардын ичинен 664 шайлоочу добуш берүү тилкесинен тышкары добуш берүүгө, 111 шайлоочу аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арыз беришкен.

Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий