Нарында суунун нугун буруу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Нарында суунун нугун буруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Баш-Кайыңды айылынын түндүк тарабынан агып өткөн Ат-Башы суусунун деңгээли жыл сайын көтөрүлүп, Баш-Кайыңды айылынын Уселек-Жар жана Жайылма участокторундагы аймак жээк эрозиясына учурап, турак жайга жана айыл чарба багытындагы аянттарга коркунуч келтирет.

Жогоруда аталган аймактарда Ат-Башы суусунун жээгин убактылуу буруу жумуштары Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн күчү менен жүргүзүлдү.

Суунун нугун буруу жумуштарына 2 техника жана 6 адам тартылды. Учурда кооптуу участоктор көзөмөлдөнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий