• 87
  • 90.43
  • 0.88

Нарында Ушу Саньшоу боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Нарын облусунда спорттун Ушу Саньшоу (саньда) түрү боюнча Кыргызстандын Кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 3-6-май күндөрү Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында уюштурулган республикалык таймаш Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 73 жылдыгына арналды.

Анда өлкөнүн Ош, Баткен, Чүй, Нарын, Талас облустарынан келген 150 чукул жаш спортчу катышты.

Финалдык беттешүүлөр алдында меймандарга сөз берилди. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева куттуктоосун жолдоп, жалпы уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Жаш спортчуларга ийгилик каалоо менен бирге дени сак жашоого үндөп, келечекте өлкөнүн туусун бийик көтөргөн инсандардан болушуна ишеним артты. Ошондой эле 2017-жылы өткөн IV Ислам тилектештик оюндарында күмүш медалдын ээси, Ак-Муз айылынын тургуну Сулайманкул уулу Туратбекке көмөк көрсөтүү максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан бөлүнгөн 10 миң сом акчалай каражатты тапшырды. Спортчу жакында Кытай Эл Республикасында өтүүчү мелдешке катышып, өлкөнүн намысын коргоорун маалымдады.

3 күнгө созулган беттеш 27 кг салмактан 70 кг өйдө салмактагы спортчулар арасында 24 категорияда өттү. Жеңүүчүлөр биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий