• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. Ош шаарында массалык ишембилик өттү, - деп маалымдайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага шаар тургундары, мекеме-ишканалардын жамааттары активдүү катышты.

Ишембиликте калаа көчөлөрү, эс алуучу жайлардын, турак-үйлөрдүн, мекеме имараттардын айланасы тазаланды.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, шаарды жапырт тазалоо үчүн ишембилик жарыяланган болчу.

Пикир

Оставить комментарий