Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.
«Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Жаңы 2019-жыл менен чын дилимден куттуктайм.
Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий