• 87
  • 90.41
  • 0.84

Некролог — Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз Бүбүкан Досалиева каза болду

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады.

Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” Бүбүкан Досалиева 62 жаш курагында 5-июлда катуу оорудан каза болду.

Досалиева Бүбүкан Акматжан кызы кесипкөй журналист, иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болчу.

Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган.

1977–1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн.

Бүбүкан Досалиева Эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында библиограф болуп иштөөдөн баштаган.

Журналисттик кесибинин алгачкы жылдары КТРК, “Сары Өзөн Чүй” радио, телеканалдарында иштеп, эгемен доордогу кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу салым кошкон.

1995 - 2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин “Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” Кыргыз кызматынын “Азаттык Медиа” мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп келди. “Азаттыктын” телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Бүбүкан Досалиева эмгек жолунда журналисттик кесибине илимий-педагогикалык ишти да айкалыштырды. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук, Бишкек мамлекеттик университеттеринин журналистика, радио-телекөрсөтүү кафедраларында доцент, кафедра башчысы, окутуучу, улук окутуучусу болуп иштеп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялады.

Бүбүкан Досалиева Саясий илимдеринин кандидаты, “Кыргызстандагы ММКлар: саясий-укуктук аспект” аттуу илимий монографиянын, элүүдөн ашык илимий эмгектердин, “Энелер жөнүндө баллада” аттуу коомдук-популярдуу китептин автору, “Төрөкул Айтматов” аттуу китептин түзүүчүсү.

2010–2012 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеди.

1994-жылы Эл аралык Айтматов Коомдук Академиянын журналистика боюнча академиги болгон. 2015-2017-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.

2003-жылы Президенттин “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты болгон.

2005-жылы журналистикага сиңирген эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” мамлекеттик наамы ыйгарылган.

Бүбүкан Досалиева аялзатынын нускалуу үлгүсү эле. Чынчылдыгы, чечкиндүүлүгү, акылгөйлүгү, иштермандыгы кийинки муунга өрнөк болуп калары калетсиз. Чыгаан журналист жана аялзатынын сырттаны Бүбүкан Досалиева эч качан унутулбайт.

Жаткан жери, жайлуу топурагы торко болсун!

А.Ж. Исмаилова, Б. Жакиев, Д.А. Эсеналиев, С. Шер-Нияз, К.К.Иманалиев, Т.Стамалиева, И. Нуракун уулу, Ч.Эсенгулов, А.К. Жаманкулов, С.А. Раев, К.Б. Базарбаев, Т. Казаков, Ш. Дүйшеев, Т. Чоротегин, К.С. Молдокасымов, Б.Сарыгулова, К.Т.Оторбаев, А. Болгонбаев, Ж.Үсөн.

Пикир

Оставить комментарий