• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Атыр Абдрахматова Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Атыр Абдрахматова Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) болуп шайланды.

Бүгүн, 2-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар жашыруун добуш берүүнүн негизинде Атыр Абдрахматовага 50, Турсунбек Акунга 2, Мамат Момуновго 9, Бакытбек Узенбаевге 13 жана баарына каршы 3 добуш берилген.

Жыйынтыгында Атыр Абдрахматованы КРнын акыйкатчысынын кызмат ордуна шайлоо тууралуу ЖКнын тиешелүү токтому кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий