Некролог - Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. 2021-жылдын 28-июлунда 78 жаш курагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмери Үсөн Сыдыкович Сыдыков дүйнө салды.

Сыдыков Үсөн Сыдыкович 1943-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган.

1965-жылы Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен (мурдагы Ленин) районундагы «Арал» совхозунда агроном болуп баштаган. 1967-1971-жылдары Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы экономист, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1971-1975-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райкомунун инспектору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2-катчысы, 1975-1978-жылдары Лейлек райондук Аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1978-1983-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин 1-катчысы болуп иштеген. 1983-1985-жылдары партиянын Кара-Суу райондук комитетинин 1-катчысы, 1988-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССР Мамлекеттик агроөнөржай комитетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары, 1990-жылы Партиянын Ош обкомунун 1-катчысы, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Казак Республикасындагы соода өкүлү, 1993-1995-жылдары «Кыргыз дан азык» акционердик коомунун төрагасы, 1999-жылы КМШ өлкөлөрүнүн кеңешинин төрагасынын Кыргыз Республикасы боюнча орун басары, 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси кызматында эмгектенген.

1980-1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты болгон.

1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининин депутаты болуп шайланган.

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалынын, «Эмгек Кызыл Туу» орденинин ээси.

Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомчулукта өзүнүн кайталангыс эмгеги менен элдин калың катмарына таанымал болгон ишмер Үсөн Сыдыковичтин жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов, С. С. Касмамбетов, Н. Ж. Бакирова, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, Ч. Абыкеев, Т. Ш. Масадыков, К. Т. Зулушев, А. К. Касымалиева, Н.Ө. Сыдыгалиев, А.Дж. Джунушалиев, Ж. К. Бакашова, А.Ү. Жапаров, Д. Д. Догоев, Ө.М. Бакиров, Ж. К. Турускулов, Н. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов, Ш. И. Абдылдаев, М. А. Абдалиев, М. Ю. Абдылдаев, Т. И. Икрамов, Н. М. Мурашев, А. М. Султанов, М. Ш. Шеримкулов, Т. Акматов, А. Джумагулов, Ж. Сааданбеков, Ж. Акималиев, М. Айбалаев, А. Эркебаев, Ж. Түмөнбаева, Ө.Ч. Текебаев, Ф. Ш. Кулов, А. Б. Исабеков, Ж. Ж. Эшенкулов, Т.Э. Төрөбаев, А. А. Сабырбеков, Р. А. Казакбаев, У. О. Ниязбеков, Г. К. Абдралиева, Б. Э. Ажикеев, А. С. Бейшеналиев, Д. Ж. Бекмурзаев, А. С. Жаныбеков, К. О. Иманалиев, Б. Д. Купешов, Т.Б. Өмүралиев, А. Р. Чынбаева, А. Н. Шыкмаматов, К. К. Ташиев, Д. А. Кутманова, У. Т. Кармышаков, Б. Р. Зулпиев, Ж. А. Асанкулов, А. А. Касымалиев, А. Б. Калматов, А. А. Абытов, К. Б. Базарбаев, А. Р. Кулуев, Т. Т. Шаболотов, Б. Ш. Карапашов, А. Т. Сыргабаев, А. А. Бекназаров, Э. У. Узакбаев, А. И. Мамбетов, Нур уулу Досбол, С. А. Раев, Н. Т. Турганбаев, Н. Т. Шакиев, Ш. О. Осмонов, Н. А. Шаршеналиев, Ж. М. Сатыбалдиев, Э. К. Кожоакматов, А. М. Токтогулов.

Пикир

Оставить комментарий